У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөй албай калды…

Сомдун куну түшүп, азык-түлүккө болгон баа асмандап кетти. Өкмөт кымбаттоону ооздуктай албай калды. Учурда Кыргызстанда сомдун куну улам түшүп, 1 доллар 84 сомдон ашты. Буга удаа эле азык-түлүктүн да баасы өсүп кетти.

Картошканын килограммы 40 сомдон ашты. Ун 2000 сомго жетти. Эттин кг 400 сомдон сатылууда. Чесноктун баасы 1000 сомго чыкты.  Лимон менен имбирь да кымбаттаган. Ошондой эле, самын, айна сыяктуу жууна турган каражаттардын баасы да көтөрүлдү.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров базар жана дүкөндөрдө азык-түлүккө коюлган баа көзөмөлдөнүп жатат деген кургак билдирүү жасады. Реалдуу баалар такыр башка.

Азыр үйдө иши жок карантинде камалып отурган карапайым калктын азык-түлүгү калбай баратканы айтылып жатат. Айрым жону жука, колунда жок жарды үй-бүлөлөргө даректүү жардам берилиши күндүн талабы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter