У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зулушевдин «зулумдугу» же Карыпбековдун «какшыгы»


Илим Карыпбеков референдум өткөрүүнү демилгелеп жаткан Жогорку Кеӊештин депутаты Курманкул Зулушевди өзүнүн фейсбук баракчасына кемелине келтирип какшыктап жазды. «Сиз биздин космонавтыбыз! Что там ыйолкиники десе, сиз биздин Терешковабыз!» деген салыштырууну жазды. Сөз төркүнүн аӊдаган адамга, бийликтин айтканын жасаган «катыны» деген маани жатат.

Илим мырзанын какшыгын өзгөртүүсүз беребиз…

Урматтуу Курманкул Токторалыевич!

 - Сизге кубанычымды, ыраазычылыгымды кантип билдиреримди билбей жатам. Коронавирус аз келгенсип, акыркы күндөрү штото нето болуп жүргөм түшүнбөй эле, бирдеке жетишпей жаткандай болуп. Эртең менен ойгонуп алып биринчи чай ичип ийсемби же нан тиштесемби, телевизорду диванга жатып алып көрсөмбү, же все таки жерде эле жатып алып көрсөмбү девелечи. Даже ишенесизби, толетке барып отурсам деле ичимде бирөө "ыйооооолкиники десе, ойлон, катуу ойлон, выход есть" деп жаткандай болуп элечи. Анан бүгүн жаңылыктарды карасам эле сиз жүрөсүз булуттан чыккан айга окшоп, гениалдуу койлордун....ой, кечиресиз ойлордун арасында выход таап коюп.
*****
 Референдум! Канешна же референдум баардык маселени чечет. Бүгүн бизге референдум жетишпей жаткан да. Эмнеге биздин чирик башка бул ой мурда келбеди деймда. Негизи референдум-преферундуму жок эле акырын которуп коюш керек болчу президенттик башкаруугачы, простоле сизди түшүнөм да, элдин ою жаманда, дароо эле бок сөз сүйлөп жамандап чыгышат. Ошол үчүн референдум гениалдуу ой!
*****
 Эми Курманкул Токторалыевич, сиздин алтын оюңузга чирикбаштан бир чирик сунуш. Эми көңүл деле бурбай эле койсоңуз болот, простоле айтканым да. Өткөндө Мыктыбек Юсупович дагы айтпадыбы, кептин баары вирустун атында болуш керек деп, ошол референдумга дагы бир суроо киргизип коёсуздарбы - коронавирустун атын "кудайбуйрусаайыгыпкетебизвирус" деп өзгөртөлү, ошондо маселе точно чечилет болуш керек.
*****
 А так сизди толугу менен колдойм. Эл сүйлөй берет, көп сөз бок сөз, көңүл бурбай урдура бериңиз эч токтобой. Сиз азаматсыз! Сиз биздин космонавтыбыз! Что там ыйолкиники десе, сиз биздин Терешковабыз!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter