У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тиши менен төрөлдү деп апам мени жээриптир...



Кыргыздын ырым-жырымдары, кандайдыр бир окуяны же тек гана түштү жакшылыкка же жамандыкка жооруу сыяктуу адаттары абдан көп эмеспи. Көбүнүн пайдасы тийгени менен тилекке каршы айрымдары аша чаап кеткендей сезим калтырат. Кээде ушундай адаттарыбыздан улам айрым тагдырлар талкаланганы абдан  өкүндүрөт...
 

“Тиши менен төрөлдү деп апам мени жээриптир...”
Үй-бүлөдө 6 кыздын кичүүсүмүн. Апам мени төрөгөндө кайын журту абдан нааразы болушуптур. Уулдуу болбой калдың деп атамды аябай бузуп, ажыраш деп кыйнашыптыр. Анын үстүнө мен төрөлгөндө тишим бар экен. Билбейм башка жакта кандай, түштүктө тиши менен төрөлгөн балдарды жакшылыкка жоорушпайт. Алардын болжогонундайбы же кудайдын башка салганыбы айтор улуу эжемдин жолдошу мен төрөлгөндөн бир аз өтүп эле жол кырсыгына кабылып кайтыш болуп калыптыр. Ошол бойдон апам мени жээрип эмизбей да койгон экен. Тай ата - тай энем да мени жактырбай уул күтүп жатсак тиши бар кыз төрөлдү деп жаман көрүшүптүр. Кызы уулдуу болуп калса деп тилешсе керек...
 
“Апам да, мен да караңгы ишенимдин курмандыгы болгонбуз...”
Апамдын муздак мамилеси мени да таштай муздатып салганбы айтор азыркы күнгө чейин апам менен сүйлөшө албайм. Жездем кайтыш болгондон кийин эжем уулун атамдарга берип өзү башка турмуш куруп кеткен. Апам ошол уулдун көзүн карап эле мени таптакыр жээрип жүрүп чоңойтту. Атам кийин кайтыш болуп кетти. Бейиши болгур атам байкуш мени өзгөчө эркелетип, апамды урушуп калаар эле. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекке кетип калгам. Ошол боюнча айылга барбай жүрүп окууну аяктадым. Жогорку окуу жайды бүтүрүп турмушка чыктым. Барды-келдимди эжелерим жазашты. Апам тоюма да келген жок. Эмне күнөөм үчүн мен мынчалык түрткүнчүк болдум? Мен жездемди түртүп жиберсем бир жөн. Өз баласынан күйөө баласынын жаны артык беле билбейм. Апама болгон таарынычым тынчтык бербейт. Кийин эне болгондо баланын ушунчалык таттуу экенин билдим. Балаң тиши менен эмес, сүйлөп төрөлсө да сүйчүдөй сезим болот экен го, апам эмнеге мени антип сүйө албай койду экен? Кыскасы апам да, мен да караңгы ишенимдин курмандыгы болгонбуз...
 
“Апама таарынбайм...”
Апамды туура түшүнөм. Өмүр бою эркек балалуу болгусу келгендир. Акыркы жолу да үмүт менен уул күткөндүр. Зарыгып күтүп жатса тиши менен кыз төрөлсө, ага кошул-ташыл күйөө баласы кайтыш болуп кетсе жаштык кылып мени жээригендир. Кээде өзүмдү сооротуп апамды актаганга аракеттенем. Азыр турмушум жакшы. Эки уулдун энесимин. Бирок апам менин балдарымды да көргөн жок. Абдан картайып калды. Үйгө барсам батынып сүйлөй албайт. Балким менин алдымда өзүн күнөөлүү сезеби билбейм. Айтор ашкере ырым-жырымга ишенген адамдар бирөөнүн тагдырын талкалайт экенин унутушпаса. Мен таптакыр ырымга ишенбейм, ишенгим да келбейт. Балалык сүйүүм, апама болгон кусам, жалгыз жатып ыйлаган түндөрүмдү эстесем ааламым тарып кетет. Кимде ким балалуу болгондо наристеси тиши менен төрөлсө жамандыкка жоорубасын. Ал бала өзгөчө кудай сүйгөн бала деп билсин. Мен апамды жакшы көрөм, жашоо бергени үчүн мен ага карыздармын. 

Фабула пресс
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter