У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баары шалаакы, Абылгазиев менен Боронов иштерманбы?


Мындан туура эки жыл мурун келген Мухамметкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мажүрө, алсыз, шал экенин далилдеди.

Учурда андагы өкмөт мүчөлөрүнөн эч ким калган жок, дээрлик баары кетти. Болгону Өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиев биринчи орун басары Кубатбек Боронов экөө эле калды. Баары жараксыз болуп, экөө эле кыйратып жаткандай, иштен кетпей көгөрүп отурушат. Балык башынан сасый турганын эске алганда, кызыктай эле абал…

Оору жугузгандар менен тартип бузгандарды эсептеп отура бергенден башка да иш кылып жатышканы белгисиз. Мына доллар 83 сом болду. Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов менен премьер-министр Абылгазиев 73 сомдон ашпайт дешти эле... Себебин түшүндүрө алышпай, үн ката албай отурушат.

Азык-түлүктүн баасы асман чапчыды. "Ызы-чуу болбогула баары жетиштүү" - деп базар кыдырып бакылдаган Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаевден дайын жок. Антимонополия бааларды көзөмөлдөмөк тургай жиги билинбейт.

Өкмөт элдин абалын жеңилдетүү боюнча антикризисттик программа иштеп чыгып, экономиканы өнүктүрүү жаатында кескин бурулуш чарасын көрбөсө, кырдаал социалдык жарылууга жеткирет...

Бюджет 32 миллиард сом жоготту. Быйылкы карызды төлөөгө дагы 20 миллиард сомдон ашык каражат керек.

Учурдагы оор кырдаалдан улам, өкмөткө жардам катары эл миллиондогон каражат чогултуп жатышат. Бирок анын желбей натыйжалуу сарпталышына карата ишеним жок.  

Анткени, дал ушул Өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиев менен биринчи орун басары Кубатбек Боронов Дача-Суудагы кырсыкка чогултулган 100 миллион сомдун отчетун бербей кетишкен. Андагы премьер-министр Жээнбеков бүгүн президент, кырсыкка байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башчысы ал кездеги биринчи-вице-премьер Абылгазиев эле, ал бүгүн премьер-министр. Ал учурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ал азыр 1-вице-премьер. Мындан улам, чогултулган тыйындын даректүү жумшалышына карата ишеним жок. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter