“Аруузат Токо” деген ат менен “Фейсбукка” катталып, көп убакыттан бери аймактар аралык жаңжалды козутуучу, материалдарды жайгаштырып келген аял 30-март күнү кармалган. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, кармалган аял Т.Ч. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болгон.
Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды.
Учурда филолого-лингвистикалык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.
Эми душман көзүнө кармаган болуп кайра коё берип жиберишпей, тийиштүү жазасын беришсин. Ошондой эле, Аруузат Токонун артында турган, атайын чагымчыл постторду жаздыргандар кармалып, жазаларын алышы абзел.