У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Даваатчылар жалпы элдин динге, даваатка болгон көз карашын өзгөртүп жатышат

Нарын областын күйгүлтүккө түшүрүп жаткан даваатчылар жалпы элдин динге, даваатка болгон көз карашын өзгөртүп жатышат. Дегеним, учурда социалдык тармактын колдонуучулары даваатчыларга нааразычылыгын автивдүү билдиришүүдө. Алгач Нарын областы боюнча биринчилерден болуп вирус жуктуруп алган, Пакистандан давааттан келген Нарын шаарынын тургуну берилген талаптарды аткарбай 100дөн ашуун адам менен байланышып, бүтүн элди нааразы кылып жатса, "өлгөндүн үстүнө көмгөн" дегендей, көп өтпөй эле Ат-Башы 
районуна караштуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүндө Индиядан келген эки дааватчы Индиядан келе жатканын жашырып, посттордон алдап өткөндүгү болду. 

Элдин даваатчыларга болгон мамилесин өзгөртүүгө болгон эң алгачкы себеп, даваатчылардын медицина кызматкерлерин укпай, мечиттерге каттап тургандыгы болду. 


«Биздин Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн Большевик айылынан үч тургунубуз 4 айга дааватка Индия өлкөсүнө кетишкен. Кыргызстанга кайра келишкенде Бишкектен текшерилишиптир. Алардын арасындагы эки тургун 26-мартта биздин посттогуларды Ат-Башыдан эле келе жатабыз деп алдап өтүп кетишкен экен. Бирок алардын артынан келе жаткан унаанын айдоочусу бул тургундар боюнча бизге маалымат берген. Биз үйлөрүнө барып, кайра Ат-Башыга ооруканага жөнөткөнбүз. Бирок дарыгерлер үй карантинде болсун дешкен. Аларды көзөмөлдөө жагы ФАПтагы кызматкерлерибизге табышталган экен. Бул тургундар дарыгерлерге баш ийбей койгондо, аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкери, айылдык кеңештин төрагасы болуп барганбыз. Бирок анда дагы баш ийбей коюшкан. Айылдагы мечиттерди жаптырганбыз. Ага карабай бул тургундарыбыз: "Биз мечитте намаз окубасак болбойт" деп күндө мечитке келип-кетип жатышканынан райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Алар дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Такыр эле талапка баш ийбей койгондо обсервацияга жаткырабыз деп айтсак ошого көнүп, райондук аймактык ооруканага обсервацияга жаткырылды. Ал эми үчүнчүсү айылыбызга келе элек», - дейт айыл өкмөт башчы Бакытбек Байказаков. 

Мындан сырткары вирус жуктуруп алган  Пакистандан келген даваатчынын жубайы коомчулукка үй-бүлөсүнүн, жолдошунун аты чыкканына нааразы болгону да маалым болду. Кыргызда "ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт" деген кеп бар, бүткүл адамзатты чөгөлөтүп жаткан коркунучтуу вирусту жашыруунун кажети барбы? Өздөрү эле эмес, бүтүн элдин убалын ким ойлойт? 

Мына ушундай динге, элге кыянат мамиле жасаган даваатчылардын айынан коомдун динге, даваатчыларга болгон мамилеси кесин өзгөрүп, социалдык тармактарда эки ача пикирлер айтылып жаткан убагы. 

Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter