У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коменданттык сааттын алгачкы күндөрү кандай өттү?

Бүгүн коменданттык сааттын күчүнө киргенинин үчүнчү күнү. Ошентсе да эреже бузгандардын аягы сууй элек. Эки күн ичинде жалпы өлкө боюнча тартип бузган 561 адам ИИМ бөлүмдөрүнө алып келинген.

 Алардын арасында айрымдары атайылап тартипти бузган учурлар да катталды. Алсак,  26-март күнү саат 20:30 чамасында Лев Толстой менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде турган блокпосттогу милиция кызматкерлери ак түстөсү "Тойота Виндом" автоунаасын токтоткон. Айдоочу документ көрсөтпөй качып, анын артынан кубалап, Ден Сяопин менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинде токтотушкан. Унаанын ичиндеги азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштар чамасындагы балдар мас абалда каршылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерлери табелдик тапанчасы менен эскертүү иретинде асманга 2 жолу ок чыгаргандан кийин баш ийип кармалган. Алар Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталып, Ленин РИИБде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 335-берене (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) менен катталып, текшерүү иштери жүрүп жаткан мезгили. 

Мындан сырткары 2 күн ичинде Бишкектен сырткары башка шаарларда да тартип бузгандар катталды. Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев эрежелерди сактап, тартип бузбаганга, жалган маалыматтарды таратпоого чакырууда. 

Эскерте кетели, коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу үчүн 25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизилген.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter