У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Манас аэропорту кызматкерлеринин айлык акысын кыскартты

Вице-спикер Аида Касымалиева Манас Эл аралык аэропортунун жетекчилигине  кызматкерлерди эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгарып жатканына нааразы пикирин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыккан.

Анда "Манас Эл аралык аэропортунун жетекчилиги!  Кызматкерлерди эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгарып жатыптырсыңар.  Бир-бирден арыз менен кетүүгө аргасыз кылып жатканыңар угулуп жатат. Аэропорттун кызматкерлери биздин дарыгерлер, милициялардай эле эпидемия башталгандан тарта тике туруп иштеп жатышат. Көпчүлүк кызматкерлер иштин кызыкчылыгы үчүн эл менен байланышта болушкан. Көпчүлүгү эпидемиянын очогунда туруп,  балким  беткапсыз элди тосуп жатышты. Мамлекеттик кызматта иштегендер деле үйүндө отуруп иштөөгө аргасыз болушууда, бирок айлыктары сакталуу. Кандай кырдаал болбосун жетекчилик өзүнүн жамааты үчүн тирек болуп бериши керек. Чогулуш жасап, элге түшүндүрүү жолу менен маселени адамча чечүү керек. Кызматкерлердин ишенген нерсеси болушу керек эле. Ушундай кыйын кырдаалда аларга жетекчилик ишеним бериши керек эле. Элди айласыздык менен жалгыз калтыруу туура эмес. Аэропорттор стратегиялык аймак деп эсептелинет, тескерисинче андай аймактарга өзгөчө көнүл буруу керек расмий жооп берүүңүздөрдү өтүнөм" деп жазылган. 

Вице-спикердин мындай талабына аэропорттун пресс-катчысы Алия Курбанова жооп берип, аэропорт мамлекеттин казынасынан каржыланбай тургандыгын, кызматкерлердин айлыгы "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан каржыланаарын айтты.

"Эмгек акы жалаң Эл аралык авиарейстердин эсебинен берилчү. Учурда дээрлик бардык каттамдар токтоду. Коронавирустун жайылуу коркунучунан улам бардык аэробекеттер (аэровокзал) жабылды жана аэропорттун ичинде авициалык эмес аянтчалардан да ижара акысы алынбай калды. Аэропорттор кызматкерлер аздан болсо да айлык акы алып туруш үчүн суткалык иштөө режимине өтүүдө. Биздин кызматкерлерге болгон камкордугуңузга рахмат" дейт пресс-катчы. Ошондой эле мындай оор кырдаалда жетекчилик кызматкерлерин колдоорун кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Scilbt
  • 27-11-2022, 02:13
  • : 02:13
    • Нравится
    • 0
levaquin 500mg pill generic levofloxacin 250mg
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter