У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы жигитим кайын сиңдиме үйлөнөт экен...


"Жигитим ата-энеме жакчу эмес..."
Бу тагдыр дегениң жаман нерсе турбайбы. Кээде ойго келбеген окуяларга туш болот экенсиң. Жогорку окуу жайга тапшырганда бизден бир курс өйдө окуган узун бойлуу, келбеттүү жигит менен таанышып, бири-бирибизди жактырып кыз-жигит болуп окууну аяктаганча сүйлөшүп жүрдүк. Бири-бирибизди жактырганыбыз менен менин ата-энем ал жигит менен сүйлөшүүмдү жактырышкан эмес. Себеби ал түштүктөн эле. Салтыбыз туура келбейт, өтө эле алыс, ашуу ашырып алыс кетиргидей көп кызым жок деп энем ыйлап жатып акыры сүйүүдөн үй-бүлөнү өйдө коюуга туура келген. Бирок ага карабай бири-бирибизди кыя албай көпкө сүйлөшүп жүрдүк... 


“Ата-энемдин өтүнүчү менен сүйүүмдөн баш тарткам...”
Окуумду аяктап айылга ата-энемдикине барсам эле жакын эле аяш атамдар куда түшүп келди. Атамдын жакын досу. Баласы Түркиядан билим алып келиптир. Илимдүү-билимдүү жердин уулу. Бир айылданбыз. Менден 3 жаш улуу. Чакан бизнеси, Бишкекте  үйү бар, үй-бүлөнүн улуу баласы. Жигитим бар экенин ата-энем билип туруп эле макул болушумду өтүнүштү. Алар мени алыс жакка кетиргилери келбей турганын билип эле жүрчүмүн. Аяш атамдын уулун бир айылдык болгон соң билип-көрүп эле жүрчүмүн. Чынында токтоо, сабырдуу жигит эле. Сүйлөшүп көрөлү деп өтүндүм, дароо сөйкө салдырган жокмун. Сүйлөшүп көрдүк. Турмушка олуттуу караган мырза болуптур. Акыры жигитиме ал-жайымды, шартымды түшүндүрүүгө аргасыз болдум. Сүйүүнү ата-энемден биринчи орунга коюп түштүккө келин болуп кетип калсам апам ыйлачудай... Жалгыз кызым деп ичпегенди ичирип, кийбегенди кийгизип чоңойткон. Апамды аяп, аяш атамдын уулунун өтүнүчүн четке какпай макулдугумду бердим. Көп өтпөй эле тоюбуз өттү. Абдан жакшы той өткөрүштү. Бири-бирибизге көнүп, жакшы жашап кеттик. Көп жыл сүйлөшпөй эле баш кошуп бирок бактылуу жашап кеттик дегендерге ишенчү эмесмин, чын экен... 


“Эмнеге менин кайын сиңдим? Менден өч алуусубу?..”
Арадан жылдар билинбей эле өтүп кетти. Бир уул, бир кыздуу болдук. Жигитим менден үч көчкөндөй көнүлү калып, сенден өч алам деп көп жолу почтама каттарды кетирип жүрүп тынчыды. Бишкекте турабыз. Азыр кичүү кызым менен үйдөмүн. Турмушка чыккандан бери иштеген деле жокмун. Себеби жолдошум жеке ишкер болгондуктан акчадан кыйналган деле жокпуз. Анын үстүнө кош бойлуу болуп калып ишке киргенге үлгүргөн деле жокмун. Жолдошум үйдүн улуу баласы. Бир иниси, 2 карындашы бар. Улуу карындашы жакында турмушка чыкканы жатат. Ата-энесинин каршылыгына карабай түштүккө турмушка чыгам деп жаткан, көңүл деле бурган эмесмин. Жигитим бар деп калчу, ага деле көнүл бурбаптырмын. Бир күнү ата-энелер таанышат деп кайын атам менен кайын энем кетишкен. Сүрөткө түшүшүптүр. Карасам эле баягы менин жигитим! Көрө калып эле башыма муздак суу куюп жибергендей нес боло түштүм. Эмнеге биздин үйгө келгени жатат? Башка кыз жок бекен, түндүктө жалгыз эле менин кайын сиңдим калыптырбы, менден өч алам дегени ушулбу? Айтор азыр башым маң... Кантем? Кантип бетин карайм? Кантип жеңе болуп тоюна, кудасына, жакшылыктарына катышам? Жолдошум эмне дейт... Суроо аябай көп... Кайгым жокто ушундай санаа басып айлам түгөнүп жатат...
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter