У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абылгазиев отставкага кетип, ордуна Абдыгулов келеби?


Жаз алды саясатта чоң өзгөрүүлөр орун алганы турат. Мындан эки жыл мурун Сапар Исаков башында турган өкмөт отставкага кетип, Мухамметкалый Абылгазиев башында турган өкмөт келген. 
Андан бери дээрлик эки жылга жакын убакыттын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүндө алмашпаган дээрлик эч ким калган жок. Эки жылда улам бирден алмаштырып отуруп, өпөң-чычаң абал менен ушул күнгө жетти. Кадр саясатында азыркыга дейре «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» деген көз караш өкүм сүрүп келе жатат.  
Натыйжада, жакынкы күндөрү Мухамметкалый Абылгазиев өзү дагы отставкага кетип, ордуна Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов келээри күтүлүүдө. Мындайды кыргызда «какаганга муштаган» дейт. 
Дегенибиз, 2017-жылы Сапар Исаков бышында турган өкмөт жаңы дайындалганда, Толкунбек мырза жигердүү, прогрессивдүү жаштардын бири катара биринчи вице-премьерлик кызматты аркалаган. Тилекке каршы, ишти тарта албай койгонуна байланыштуу 3 ай болбой жатып вице-премьер-министр болуп, бир тепкич төмөндөгөн. Аны да жөндөй албай коюп, ал кездеги Өкмөт башчысы Сапар Исаковго айтпастан Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кирип, кайра Улуттук банктын төрагалыгына алып барууну суранып, кызмат ордун таштай качкан. Айткандай, ошол кезде Ысык-Көлгө марихуана айдап, бюджетти толтуруу тууралуу идея сунуштап, коомчулуктун ачуу сынына кабылган. 
Эми ошол вицеликти тарта албай койгон мажүрө Абдыгуловду Өкмөт башчылыкка алып келүү нонсенс эмеспи.


Пикир калтыруу
  • Tamjuc
  • 27-11-2022, 04:11
  • : 04:11
    • Нравится
    • 0
levaquin pill levofloxacin 250mg uk
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter