У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коррупция мамлекетке коронавирус сыяктуу...


«Адам башына кыйынчылык түшкөндө кудайды эстейт» деген сыяктуу, биздин коом азыркы пандемия учурунда медиктерге, илимдүүлөргө муктаж болуп турган, алардын жетишсиздигин сезип турган кези. Ал эмес дүйнө коомчулугу ушундай акыбалда десем болот.

Саламаттыкты сактоо…

Акыркы 30-50 жылда адамзаттын муктаждыгы өзгөрүп, базар экономикасынын чөйрөсүнө ыкталып, көпчүлүк адамдар жеке өз пайдасын ойлоп калышты. Адамдар үчүн бизнесмен болуу, жеке ишкердик кылып акча топтоп бай болуу, «Форбстун» тизмесинен орун алуу биринчи планга өттү. 

Биздин коомдо да бай болууну самагандар аз эмес. Бул көрүнүш мамлекеттик структураларга, мамлекеттик башкаруу органдарына терс таасирин тийгизди. Ошол эле бизнесмен, жеке ишкерлер өз кызыкчылыгы үчүн шайлоого аттанышып, мамлекеттик ишке аралашып жатышат. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигин ушулар ээлешти. Качан бийликке бизнесмендер, өз кызыкчылыгын ойлогондор, коррупционерлер келсе мамлекет ичинен ирий баштайт. Мамлекеттин алсыз экени ушундай кыйынчылыктарда билинет тура.

Кыргызстанда 30 жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурулган жок. Саламаттыкты сактоо тармагында эч кандай реформа болгон жок. Замандын талабына ылайык элге жеткиликтүү медицинаны куруунун ордуна Советтер Союзунан калган медицинаны ушул заманга чейин эптеп сүйрөп келдик. Азыр күн сайын дарылануу үчүн каражат издеген жок дегенде бир жарыяны соц.сеттерден, ММКлардан көрөбүз, окуйбуз. 

Саламаттыкты сактоодо реформа болсо жарандарыбыз дарылануу үчүн кайыр сурабайт эле. Мамлекет көңүл буруп медициналык камсыздандырууну колго алса, бардык медициналык операцияларды өзүбүздө жасай алат элек. Орган алмаштыруу, жүрөк-кан тамыр оорулары, бөйрөк, муун-омуртка оорулары ж.б.у.с. кыскача айтканда, азыр чет өлкөгө барып дарыланып жаткан оорулардын баарын өзүбүздөн арзан жана мамлекеттин камсыздандыруусу менен жасалат эле. Медик, врачтарыбыз татыктуу айлык алып иштешмек.

Айлыктын аздыгынан, медициналык шарттын жоктугунан кыйын врачтарыбыз чет өлкөгө жумуш издеп чыгып кетишти. Мамлекетте калган араңжан медицина базар экономикасына ыкташып, бул тармак чоң бизнеске айланды. Медицинада деградация күчөдү. Акчаң болсо айыгасың, акчаң жок болсо дарылана албай өлөсүң. Мына ачуу чындык. Мындай эмес деп ким айта алат? Туура эмес айтып жатасың дей аласыңарбы?

Билим берүү…

Эми билим берүү тармагына кайрылалы. Орто билим берүү тармагы 30 жылдан бери талкаланды. Бул тармакта да эч кандай жарытарлык реформа болгон жок. Мугалимдердин айлыгы өтө аз. Аларга мамлекет тарабынан жеңилдиктер, колдоолор жок. 

Демократиялык принциптер менен кошо коомдогу өзгөрүүлөргө жараша мугалимге болгон сый-урмат да жогорулабай, тескерисинче жоголду. Мугалимге мамлекет тарабынан атайын иштелип чыккан колдоо жок, мугалим өзүнүн көйгөйлөрү менен өзү калды. Мыкты эжей-агайларыбыз алдан-күчтөн тайып карыды. Ошентсе да азыркы орто билим берүү тармагы ошолордун күчү менен жок болуп кетпей сакталып тургансыйт. Мугалимдердин жарымы үй-бүлөсүн багуу үчүн соода кылууга башка тармактарга өтүп кетишти. Жаңы кадр өтө аз. Жаштарыбыз региондорго барып 10-15 миң айлык алып мугалим болгусу келбейт. Аларга стимул жок. Билим берүү жана илим министрлигинде иш билги кадр жок. Тааныш, тууган аркылуу орношкон кадрлар.

Ошондуктан орто билим берүү тармагында окуу каражаттары толгон токой каталары, түшүнүксүз мисалдары менен басылып чыгып жатат. Жогорку билим берүү тармагы коррупцияга баткан. Мугалимдерге, билим берүүгө татыктуу кам көрүлбөгөндүктөн коррупция бул тармакты аралады.
 
Мамлекеттик билим берүү тармагы аксагандыктан жеке билим берүү борборлору көбөйдү. Алардын кызматы коомго пайдалуу болгону менен тыйындын экинчи тарабы да чыга баштады.

 1) Коомдун экиге бөлүнүүсү күчөй баштады. Жеке мектепте иштеген мугалимдер квалификациясы жогору болгондуктан айлык маянасы да жакшы. Ал жерден билим алуу да ошого жараша бааланат эмеспи. Ошол себептен жеке билим берүү мекемелеринде колунда барлардын балдары гана окуй алышат экен. Колунда жоктор мамлекет берген билим менен калышууда. 

2) Ал жакта «Акча төлөп жатамбы, мен ушул жерде болушум керек» деген окуучулар бар. Алардын максаты билим алуу эмес, убакыт өткөрүү экен. Ата-энеси төлөгөн акча аларды кейитпейт. Жеке мектептерде мамлекеттик мектепке караганда дисциплина, тартип начар. Акчалуу балдар каалаганын кылышат экен. Байлардын ушундай «вседозволенность» менен тарбияланган балдары менен кошо тарбиялуу үй-бүлөнүн балдары чогуу отуруп билим алгандыктан тигилердин таасири менен ал балдар да бузулуп кетүү коркунучу бар. Ушундай темп менен билим берүү тармагында деградация дагы күчөй бермекчи.

Коррупция…

Билим берүү министрлиги эле эмес, башка да министрликтерде татыктуу кадр жок. Дээрлик бардыгы тааныш, тууган, акча менен креслого отургандар болууда. Реформа жасай турган министр жок. Ар кимиси өзүнүн же таанышынын кызыкчылыгы үчүн иштешет.

 Ушундай кадрлардын айынан мамлекет бузулуп-талкаланып, жок болуу жолунда бара жатат. Мына эми башыбызга түшкөн кыйынчылыкта мамлекет алсыздыгын көргөзүп жатат. Күчтүү мамлекет 6 күндө оорукана куруп, 12 млн. калкы бар шаарда, 1.4 млрд. калкы бар өлкөдө 3 айда вирусту жеңип, калкынын санын эске алганда эң минималдуу жоготуу менен чыгышты. Бизди кудай сактасын деп отурам. Башка кимге ишенебиз?

Деги эле Кыргызстанды Кытай менен салыштырып болобу? Эгер бийликке келген элиталарыбыз акылдуурак болгондо мамлекетибиз күчтүү болот беле? Экономикалык кризис, дүйнөлүк каатчылык, азыркыдай пандемия учурунда элден каражат топтобой, мамлекет жарандарына өзү кам көрөт беле? Медицинабыз күчтүү болсо вакцинасын таап чыгышаар беле? Жарандарыбыз Кыргызстанга кире албай, чет мамлекеттерде жатышат. Мамлекет аларга да кам көрүшү керек. Жуктуруп келишти деп ал жарандарды күнөөлөө туура эмес. Эртеби-кечпи бул вирус бүт дүйнөгө тарайт. Мамлекет ар бир жаранына бирдей мамиле кылуусу керек.

Эл карантинде отурат. Бир ай жумушсуз отуруу – бул жашоонун токтошу экенин эми сезип жатабыз. Анткени айлык маянабыз бир айга гана жетиштүү экен. Тапкан каражатыбызды 2-3 айга жеткидей топтоого болбойт. Калктын жарымынын мойнунда кредити бар. Алардын акыбалы да өтө оор. Кредиттик, коммуналдык каникул керек го деп ойлойм. Өзгөчө кырдаал режими бир айдан көп улана турган болсо кандай болот? Мамлекеттин резерви жетиштүү деп кепилдик берип жатышат. Ошол тынчтандырат. Кредит төлөбөсөк да, курсагыбыз ачпай отурат экенбиз.
 
Көпчүлүгүбүз тиги бизнесмен 5 млн. сом бериптир, бул 2 млн. сом бериптир, берки 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап бериптир деп макта-жактап бүтө албай жатабыз. Финансы министрлиги 2020-жылдын 22-мартына карата Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттын суммасы 5 млн. 294 миӊ 358 сомду түздү деп билдирди. Эми булардын канчасы жана кимиси популист экени белгисиз. 
Бийликке келип алып мамлекетти кууратып жаткан бизнесмендер жардам берсе жыргап жатышат. Бирок калгандарыбыз мындан сабак алалы. Дагы деле акчага добушубузду сатып, ар кимдин колуна пара карматып, коррупционерлердин этегине намаз окуй берсек мамлекет жок болот. 

Коррупционерлердин айынан жогоруда аталган тармактарга көңүл бурулбай келет. Мындай «бизнесмен» чиновниктерге билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары пайда алып келбейт. Айткылачы, элиталар качан өз эсебинен же атайын фонддун эсебинен, же болбосо бюджеттен бул тармактарга каражат бөлүп реформа кылышты эле? 

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонддон каражат алып супермаркет, бизнесин өнүктүрүүчү завод салып жатышты. Бири нефтимагнат, экинчиси алкомагнат, үчүнчүсү өмүр бою мамлекетте иштеп жүрүп миллиардер. Мамлекеттик кызматта жүрүп 5-6 особняк, он чакты кымбат унаа алса болот деп ойлойсуздарбы? Таза иштеген адам эч качан мамлекеттин айлыгы менен байлык топтой албайт. Же башынан бизнесмен болушуң керек же коррупционер болушуң керек.

 Ойлонолу элим, келечекти ойлойлу. Бул вирусту жеңүү элдин гана колунан келет. Ансыз да алсыз мамлекетибизге түйшүк жаратып, көчөгө чыгып вирусту күчөтүп жуктурбай, карантиндин шарттарын аткарып үйдө отуралы. Бул мамлекетибиз үчүн кошкон чоң салымыбыз болот. Ошондо гана вирусту жеңебиз, мамлекетибизди сактап калабыз. Коронавирусту, коррупцияны эл өзү жеңиши керек!

Эрнис Жээнтаев


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter