У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мирбек Атабеков коронавируска каршы күрөшүү эсебине 200 миң сом бөлөт

КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков күйөрмандарын, жалпы эле кыргыз элин кубандырган жаңылы менен өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу бөлүштү. Тагыраагы ырчы өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана гив оюнунун демөөрчүлөрүнүн атынан коронавируска каршы күрөшүү эсебине 200 миң сом бөлөт.

"Саламатсыздарбы биздин урматтуу катышуучуларыбыз! Өзүңүздөр көрүп тургандай эле, азыркы учурда дүйнө жүзүндө коронавирус оорусу жайылып жатат. Ошого карата биздин гивти дагы убактылуу токтотконго чечим чыгардык. Карантинден чыккандан кийин жаңы күч менен сиздерге сонун белектерди ойнотуп баштайбыз. “АТАБЕКОВТОРДУН БИР ЖЫЛДЫК ГИВ”  тарабынан бардык жоопкерчиликтер сакталат. Жана Атабековтордун үй-бүлөсүнөн, гивтин  жана демөөрчүлөрдүн атынан коронавирус оорусуна каршы иш-чараларына 200 миң сом жумшайбыз. Бизге ишенич көрсөткөнүңүздөр үчүн рахмат. Сак болуңуздар!" 
дейт ырчы мырза.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter