У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канышай Рысбекова: “Балам мага стимул, балам мага мотивация берүүчү”

Ар дайым изденүүдө жүргөн, учурда гүл кучактаган колдору менен бооруна  бала кучактап, эненин түйшүгүн жон терси менен сезип жаткан талантуу алып баруучу Канышай Рысбекова менен маек курдук.


Канышай, эненин тарткан түмөн түйшүгүн, кубанычын, сезимдерин жон териң менен сезип жатасың. Сезимдериң менен бөлүшсөң?

- Чындыгында балам жок кантип жашап жүргөнүмдү элестете албай кетем. Балалуу болгондон бери дүйнөгө болгон көз карашым, адамдарга кылган мамилем, айтор баары өзгөрдү. Балалуу болгондон бери “кандайдыр бир туура эмес кыймыл-аракет кылсаң балаңа тиет” деген нерсени көбүрөөк ойлоп, мурда адамдарга катуураак мамиле кылсам, азыр ал нерседен коркуп калдым. Жүрөгүм жумшарып, ушунчалык таттуу сезимдерди жүрөгүмдөн өткөрүп жатам. Дүйнөдөгү бардык айымдарды ушул сезимди жүрөгүнөн өткөрүүсүн каалайм. Азыр балам деп жашап, балам деп иштеп, балам үчүн бардыгын жасап жатам. Биринчи орунга өзүмдү эмес, баламды коюп калдым. Балам мага стимул, балам мага мотивация берүүчү. Мурда  мотивация алыш үчүн кандайдыр бир тренингдерге барсам, азыр андай жактарга муктаж эмесмин. Жанымда балам турат, баламдын көз карашы мага чоң мотивация. 

- Азыр күйөрмандар же болбосо жалпы эле эл атактуу адамдардын таланты, чыгармачылыгынан мурда жеке турмушуна кызыгып калышпадыбы. Сизди да элдин мындай кызыгуулары кыя өтпөсө керек?

- Ооба, негизи эле кыргыз эли ушундай эл экенбиз. Бизди көбүнчө башкалардын жеке жашоосу, турмушу, жашаган үйү, социалдык абалы көбүрөөк кызыктырат экен. Мага акыркы кездери “жолдошуң менен жашап жатасыңбы?” деген суроо көп берилди. Бул суроого социалдык тармактагы баракчаларым аркылуу жооп бердим. 

Ушул постту жазбай эле койсом дегем… Бирок, азыркы кырдаал ушул абалга алып келди.
Ачыгын айтайын, жашырганда эмне? Мындай көрүнүш көп үйдө болуп жатат. Турмушума байланыштуу көп суроолор чарчатты. «Сенин жолдошуңду тиги клубдан көрдүм» «Бул жерден бир кыз менен көрдүм»… Чынын айтсам, чарчадым ушул сөздөрдөн…
Мен ал адам менен курсагымда 2 айлык балам бар кезде, ажырашкам. Ажырашуу теманы жолдошум көтөрүп, «Балаңды төрөсөң төрө, төрөбөсөң кой» деген тандоо койгон.
Мен баламды сактап калууну тандадым. Жардам береби? Баласын жакшы көрөбү? дегендерге жооп: “анча-мынча акчалай жардам берет, кээде жок, баласына 1-2 айда 5-10 мүнөт көргөнгө убакыт табат.
Ага таарынычым жок болгону бакыт каалайм!
Идеалдуу турмуш кура албай, сиздердин ишеничиңиздерди актабасам кечирим сурайм!
Эми, буюрса баламдын бактылуу келечеги учун баарын жасайм! Аллахымдын жардамы менен!
Балам учун бүгүн баардык аракетимди салып иштеп жатам, буюрса бизде баары жакшы болот.
 Мындан ары ал адам менин жашоомдо өткөн чакта болуп саналат! Жана анын кыймыл-аракети мени кызыктырбайт! Ошол себептен ал тууралуу темалардын, суроолордун арты суюлат деп ишенем! Бактылуу болунуздар!”

 
- Социалдык тармактардан баш тартууга эркиң жетеби?
- Эгерде социалдык тармактарды убактысы, ченеми менен колдонсок, алар бизге эч кандай зыян алып келбейт. Тескерисинче ушул тармактар аркылуу көптөгөн досторду таптым, долбоорлорду жасап жатам. Биз үчүн социалдык тармактар абдан жакшы мүмкүнчүлүк болуп берди. Баш тартайны деген деле оюм жок. Балким 1-2 күнгө эс алуу максатында баш тартышым мүмкүн. Баш тартууга олуттуу себеп деле көрбөй турам, тескерисинче  IT технологиясы өнүгүп жатканда ага ого бетер жакыныраак болушубуз керек деген ойдомун.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter