У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кочкор районундагы сарайдан кыздын сөөгү табылды


 
Кочкор районунда милиция адам өлтүрүүгө шектелген адамды издеп жатат. Бул тууралуу Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди. 
 
Маалым болгондой, 23-январда Теңдик айылынын тургуну Тынай-Булак кыштоосундагы малчысынын үйүнө кабар алууга келип, аялдын сөөгү табылганы боюнча милицияга кабарлаган.
 
«Өлтүрүлгөн адамдын өздүгү аныкталды, бул Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну экени такталды.  Маркумдун денесинен зомбулуктун издери табылган. Азыр милиция кыздын өлүмүнө шектүүнү издеп жатат», - деп билдирди Ички иштер башкармалыгы.
 
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен сотко чейинки тергөө башталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter