У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө жүргүнчү баӊгизат менен кармалды

 
2021-жылдын 24-январында саат болжол менен 02-30 чамасында Ысык-Көл РИИБнүн өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 268-берененин негизинде козголгон сотко чейинки өндүрүш боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустар боюнча башкармалыгынын жана Ысык-Көл РИИБнин БМЖКККнын кызматкерлери Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан “Мерседес” үлгүсүндөгү маршруттук унаадан текшерүү үчүн токтотулган. Унаадагы 1992-жылы туулган Б. уулу Т. аттуу жүргүнчүсүнө өздүк кароо жүргүзгөн учурунда баштыктын ичинен кара куурай кендир өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылып алынган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 
 
Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 килограмм 330 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты болуп аныкталды
 
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter