У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Жакындарын жоготкон адамдарды манипуляция кылып, бизге тукурган туура эмес"


Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жана башка бир нече дарыгер бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, Пандемиянын кесепетин иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын корутундусуна макул эместигин билдиришти.

Сооронбаев пандемиянын биринчи толкунунда көп адамдын каза болушуна Саламаттык сактоо министрлигин айыптоо негизсиз экенин айтып, болгон күч жумшалганын белгилейт.

"Протоколду атайылап кармашкан, эл ошондон өлдү деген — такталбаган, далили жок маалымат. Дарыгерлерге болушунча эрте жеткирели деп аракет кылганбыз. Клиникалык протокол жазуу оңой иш эмес, сапаттуу дарылоо үчүн көп талкуулар болду. Иштелип чыгары менен эле райондорго жөнөтүп, тынымсыз иш алып барып жаттык. Керек болсо март айындагы биринчи протоколдо эле канды суюлта турган дарыларды колдонуу жазылган. Азыр баарыбыз биргеликте маселени жакшы жакка кантип өзгөртөбүз деп ойлонушубуз керек. Жакындарын жоготкон адамдарды манипуляция кылып, бизге тукурган туура эмес. Муну уюштурган адамдарга "Жаман ишти токтоткула!" деп кайрылам", — деди Сооронбаев.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter