У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан каза болгондордун жакындары митингге чыгышты

 
 
Бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында коронавирус илдетинен каза болгондордун туугандары менен жакындары митингге чыгышты. 
 
Митингге чыккандар, алардын туугандары пандемия учурунда министрликтин кетирген катачылыгынан улам каза болушту дешүүдө. Ошондой эле митингчилер Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен башкы пульмонолог Талант Сооронбаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.  Анткени алар бейтаптардын протоколдорун түзүүгө катышышкан деп айтышууда. 
 
«Пандемия учурунда алардын ишмердүүлүгүн дагы кылдаттык менен изилдөөнү талап кылабыз. «Ганси» ооруканасынын абалы өтө начар болгон, бүгүнкү күнгө чейин ал жерде канча адам каза болгондугу тууралуу так маалыматтар жок. Тиешелүү дары-дармектер жана реанимация болгон эмес. Реанимация июндун ортосунда гана ачылган. Ал жерде 30 жашка чейинки тажрыйбасы аз дарыгерлер иштешкен», - дейт митингдин катышуучусу.
 
 



]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter