У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: «COVID-19га каршы вакцина сатып алсак, биринчилерден болуп өзүм эмдөөдөн өтөм»


 
COVID-19га каршы эмдөө ыктыярдуу болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. 
 
Анын айтымында, эмдөөнү алгачкылардан болуп дарыгерлер, мугалимдер жана калктын аялуу катмары алат. 
 
«Бардык өлкөлөрдө, ошол эле Россияда, Америкада адамдар өз ыктыяры менен эмдөөдөн өтүшөт. Келечекте каалоочулар эмдөөдөн өтө турган жеке медициналык борборлорду ачабыз. Муну эч ким күч менен жасабайт. Жакын арада кандайдыр бир вакцина алсак, аны биринчилерден болуп өзүм сынап көрөм. Буга кепилдик берем», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
 
Коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакцинанын зыяндуулу туурасында берилген суроого Саламаттыкты сактоо министри: “Көп өлкөлөр буга чейин клиникалык сыноолордун үчүнчү жана төртүнчү фазаларынан өткөн. Биз алганга чейин, вакцина иштелип чыккан өлкөлөрдө эмдөө массалык түрдө жүргүзүлүп, биздин эл вакцина ден соолукка кооптуу эмес экенин көрө алышат. Дүйнөдө кайрадан жуктуруп алгандар көп, эмдөөсүз биз COVID-19ну жеңе албайбыз», -деп жооп берди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter