У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Самара Каримова директорлуктан баш тартты


Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Саламатсыздарбы, Кыргыз элим, күйөрмандарым, сүйүктүү мекендештерим! 
Акыркы күндөрү мага жана менин атыма байланышкан бир канча окуяларга күбө болдуңуздар. Мындан эки жыл мурда мыйзамдуу дайындалган кызматымдан укугум одоно бузулуп бошоп, шагым катуу сынган. Бул менин намысым, ден-соолугум жана жакындарым үчүн өтө катуу муш болгон. Ошол укугумду коргоп, канча убакыт соттошуп дайындалган ишиме кайтып барып, эли-жериме, кыргыз маданиятына ак дилимден кызмат кылгым келген. Кудайга шүгүр, сотто жеңип чыгып, чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай астында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим. 


Кызматыма кайрадан киришип, музыкалык окуу жайды аз убакта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок, окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду. Аларды адилеттүү башчы, ак кызмат өтөгөн ишмер болууга убада берип, ынандырууга аракет кылдым. Мурунку директордун 100 сүйлөгөнү, кубулганы 5-6 адамдын басымы менен коллективде "погода" өзгөртүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Эшикте 21-кылым экени ойлонтуп дагы койбойт. "Болбогонго -болушпа"- дегендей, ушуларга кетире турган кайран күчүм, идеям,дараметим дедим. Жашоодо мен көп сыноолорду жон терим менен сезим, аларга тике карап, жеңип келгем. Бул көрүнүштү да Аллахым берген дагы бир сыноо дедим. "Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат". Жашоо улана берет. Чалындым, бирок жыгылган жокмун! 


Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок, мунумду көпчүлүк түшүнө албады. Мурунку директордун жакындары тааныш журналисттерине тынбай чалып, чакырып, келгиле, Самара дагы келди, интервью алгыла деп жаткандарын өз көзүм менен көрүп турдум.  Анын үстүнө, Батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап эле калышты. Окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын боё сезимдерин пайдаланышты.Ошол эле журналисттерге канча жетишкендеримди, Кремлде ,Ташкентте дүңгүрөтүп жеке концерт бергенимде, жалынып,суранып да ийгиликтеримди маалымат катары чыгара алган эмесмин. Буларга ызы-чуу гана керек. Окуу жайдын келечегин, өнүгүүсүн, студенттердин, мугалимдердин тагдырын "уруп" да ойнобойт. Эртең мен кетсем, карап турсаңыздар кадам басып койбойт ал жерге. 


Эли-журтумдун ак батасын албай, кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм.
Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң, ак-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм. Менин ар-намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эли-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем», — деп жазган Каримова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter