У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пандемияда учурунда Кыргызстанга келген гуманитардык жардамдардын кайда кеткенин эч ким билбейт


 Пандемия учурунда чет өлкөдөн келген гуманитардык жардам жөнүндө толук маалымат жок. Бул тууралуу COVID-19ка каршы күрөшүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Бакыт Сатыбеков билдирди.
 
Анын айтымында, комиссияга гуманитардык жардамдын таркатылышы боюнча маалымат чогултуу кыйынга турду.
 
«Биз Бишкектеги бир нече ооруканаларга берлиген гуманитардык жардамды анализдеп чыктык. Дары-дармек менен камсыздоо департаментинен маалыматтарды алып, ооруканаларга барып маалыматтарды салыштырдык. Мисалы, жугуштуу оорулар ооруканасы 3 миллион сомго кычкылтек концентраторун алганын тастыктаган жок», - деди ал.
 
Буга чейин вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча берилген отчеттор толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз экенин билдирген.
 
 Белгилей кетсек, коронавирус Кыргызстанда алгачкы катталгандан тартып,  дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү бизге жүз миллиондогон долларлык гуманитардык жардам көрсөтүштү. Бир эле Кытай Кыргызстанга 6,7 миллион долларлык гуманитардык жардам берген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter