У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Кыйытпай, Самаранын бетине айтып, чара көрүңүз..." Министр "кызматка соттошуп барбагыла" деген насаатын жарыялады


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өзүнүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу жаштарга насаатын, баяндарын байма-бай жарыялап турат. Ал кечээ, 21-январдын кечинде "Кызматка соттошуп, ортого киши салып, догурунуп барбагыла" деген насаатын жарыялады. 

Министрдин миңдеген катталуучулары бул насаатты түз эле учурда кызмат үчүн бүткүл элдин талкуусуна жем таштап жаткан ырчы Самара Каримова менен байланыштырып, "Самара кыйытканды түшүнбөйт, бетине барып айтыңыз", "Эмне ушунча элди каратып коюп үн катпай отурасыз?", "Самаранын бейбаштыгына эмнеге реакция кылбай жатасыз?" атүгүл "Самарадан канча сом алдыңыз эле?" деген суроолорун жаадырып жатышкан убагы.

Министр азырынча аталган чуу боюнча үн ката элек...
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter