У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Соттун чечими жокко чыкканына карабай, Самара Каримова директордун кабинетин ээлеп отурат


Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын директору кызматын кайтарып алуу боюнча соттун чечими күчүн жоготконуна карабай, дале окуу жайдын директорунун ордунда отурганын аталган окуу жайдын мугалимдери маалымдашты. Ырчы айым да иш бөлмөдө отурганын өзүнүн инстаграм баракчасынын "сторис" бөлүмүнө бүгүн, 21-январдын таңында тартып, жайгаштырды.

Ал эми Каримованын адвокаты Акылбек Кылычовдун айтымында “даттануу менен буга чейинки соттун чечими, буйруктар жокко чыкты” дегенди түшүндүрбөйт. Андыктан Самара Каримова Бишкек шаардык сотунун чечими чыкканга чейин министрдин буйругунун негизинде иштегенге толук акылуу.

“Апелляциялык арыздын көчүрмөсүн бүгүн эле алдым, мен дагы каршы пикир жазам. Себеби биринчи соттук кароодо сот кайра-кайра “силер доону мойнуңарга аласыңарбы?” деп Маданият министрлигинен сураганда, толугу менен өздөрүнүн күнөөсүн мойнуна алып, ошонун негизинде сот чечим чыгарган. Эми жоопкер тарап кандай негизде апелляциялык арыз жазып жатканына мен түшүнбөй турам“, -деди адвокат.

Акылбек Кылычов Эмгек кодексинде Самара Каримованын укугу бузулганын экинчи инстанцияда дагы далилдеп берерин ишендирди. Мындан улам Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Жогорку сотто да соттошууга даяр.

“Учурда министрдин буйругу жокко чыгарылган жок. Маданият министрлиги өздөрү мыйзамдарды одоно бузуп алып, бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыккан ар кандай маалыматтардын басымынан улам айласы жок апелляцияга жазышты”

Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми 18-январда, кечинде директордун кабинетинин эшигин буздуруп кирген.Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген. Азыркы учурда, апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу,  Биринчи май райондук сотунун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter