У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров: "Москвага жумушка кыргыз жарандарын эшелон менен жөнөтөлү…»


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 20-январда парламенттин жыйынында Россияга Кыргызстандан мигранттарды керек болсо эшелон кылып поезд менен жектирүү керектигин айтып чыкты. 

Бул туурасында: «Москванын мэри Собянин бир топ жумуш орду бошоп, иштегенге киши жок болуп жатканын айтты. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. 5-10 миллиард рубль алып, билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып...», - деди Жапаров.

Бул өзүн акылдуу сезген неме иш орундарды түзүп, элибизди тентитпей багалы деген сөздүн ордуна, кул катары "Москвага жумушка кыргыз жарандарын эшелон менен жөнөтөлү», дегенди айтып жатат. Мындай көңдөйлөрдү эмне кылса жарашат?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter