У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Активисттер мектеп директоруна каршы арыз жазып, ал кызматтан кетти


 Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айыл округунда активисттер жергиликтүү мектептин директорунун кызматтан алынышына жетишти.
 
Кубат Жунусовдун айтымында, алар Гайвали Эргешов атындагы орто мектебинин директорунун мыйзамсыз иш-аракеттерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Көп өтпөй директор өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазгандыгы белгилүү болгон.  
 
«Бизге иштей турган жана мектепти өнүктүрө турган жаңы кадрлар керек. Анын кайдан келгендиги маанилүү эмес. Мисалы, азыркы айыл өкмөт башчысы Ысык-Көл облусунан. Мектептин мурунку директорунун мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы боюнча биз арыз жаздык. Кеп мектептин жанындагы бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу жөнүндө жүрүп жатат, кийин сатылып кетти, акча орунсуз сарпталды», - деди Жунусов.
 
Мектептин мурунку директору Кимсан Арзыкулова кызматтан бошотууну пенсияга чыгуу менен түшүндүрдү. Ал өзүнө кысым болгонун четке каккан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter