У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев: «Бабанов калп айтпасын»


 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактардагы баракчасына экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго жооп кайтарды.
 
«Бабанов калп айтпасын жана коомчулукту адаштырбасын. Биз 9-октябрдагы башаламандыктан кийин ал менен жолуккан эмеспиз жана «митингдерди биз уюштурган жокпуз» деп айткан эмеспиз. Р. А. Казакбаев калп айттырбайт, биз Өмүрбек Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканбыз. Дагы бир жолу тактап коеюн, Бабанов калп айтып атат. Ал Атамбаев жана башкалар менен Ала-Тоо аянтына бийликти элден тартып алуу үчүн келишкен. 9-октябрдагы митингде чагымчылык уюштургандарды иликтеп, жазалайбыз», - деп жазган ал.
 
Буга чейин Бабанов маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде ал 13-октябрда Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен, андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканын айткан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter