У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кичүүсү 1 жаштан жаңы өткөн. Караколдо асынып алган журналисттин артында 3 баласы калды


Ушу тапта Каракол Каракол шаарындагы облустук телеканалда иштеп келген журналисттин сырдуу өлүмү социалдык тармактарда талкууга алынууда. Ал 12-январга караган түнү асынып алганы маалым болгон.  

Жанын кыйган журналист Гүлбара Узакова 29 жашта гана болгон. Анын артында 3 баласы - 7 жаштагы уулу, 6 жаштагы кызы жана 1 жаш 6 айлык наристеси калды. Гүлбара айым Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын кызы болгон. Облустук телеканалда "Дүйнө кереметтери", "Атайын чыгарылыш" берүүлөрүн, саясий өңүттөгү жаңылыктарды жасап келген.

Кесиптештеринин айтымында, Гүлбара айым акыркы күндөрү маанайы жок, жан дүйнөсүн бир нерсе кыйнагандай болуп жүргөн. Ал эч кандай кат таштаган эмес, мындан улам жанын кыйганынын себеби белгисиз бойдон калууда. Мындай кадамга эмнеге барганынын жолдошу да билбейт...



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter