У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Самара Каримова кайрадан музыкалык окуу жайга директор болот. Ал министрликти соттон утуп алды


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти  Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигин сотто утуп алды. Ырчы  Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайрадан бара алат. Бул тууралуу министр Нуржигит Кадырбеков билдирди.

-Эмгек кодексине ылайык жагдайда кызматтан бошотулуп калганбы, айтор, соттон утуп алды. "Кызматы кайра калыбына келтирилсин" деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек, - деди министр.

Эске салсак, Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген эле.

2017-жылы Самара Каримова Оштогу "Сулайман-Тоо" музей комплексине башкы директор болуп дайындалып, коомчулуктун сын-пикиринен соң өз каалоосу менен кызматтан кеткен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter