У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үмөталиева: «Курсан Асановдун жубайы УКМКда эсин жоготуп, реанимацияга түшүп калды»


 
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал кайрылууну социалдык тармактарга жарыялаган.
 
Үмөталиеванын айтымында, 11-январда Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун жубайы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылып, бир сааттан ашык жактоочусу жок сурак берип, натыйжада ал эсин жоготуп койгон.

Токтайым Уметалиева 


УКМКнын торагасы Камчы Ташиев  мырзага. АЧЫК КАТ!!!
11.01.2021.тан атпай Курсан Асановдун келинчегин УКМК чакырып бир саттан ашык адвокаты жок сурака алган. Ошол учурда эсин жоготуп реанимацияга түшүп калган. Азыр да реанимацияда ОР АБАЛДА экен. 
Урматтуу  Камчы Ташиев !!! 
Бир күн шайлоодон кийин  эс алганда  сурака алса болбойт беле?  Миндеген кылмыш иштери каралбай эле жатпайбы. Эмнеге УКМК карайт жөнөкөй жарандык иш болгон соң. 
Менин 3 жылдан бери Свердлов районунун ОВД сында 3 өтө чон суммадагы чет өлкөлүк Туркиянын чон компаниясынын акчасын бербей качып жүргөн 3 адам боюнча же прокуратура же РОВД же УКМК карабайт. Ал эмес делолору кайда калган экенин эч ким билбейт.
 Ошол эле ЦИКтин торагасын эмнеге  парламенттик шайлоону одоно бузганы үчүн сурабайсыңар.  Каза  болгон Умут бала боюнча кандай иш чаралар көрүнүүдө? Ким кармалды, ким сурака алынды? Жарадарлар боюнча эмне иш алып барылды?  Же болгон иштер ор кылмышка жатпайбы???
Же УКМК Конституциянын баштапкасын эмнеге издебейт? Же бул иш болбогон ишке жатабы? Жаңы келген торага катары эмне үчүн негизги  мамлекетуулуктун коопсуздугун көтөрүү жөнүндө иштерди караттырбайсыз?
 Кайра  дагы колу канга боелгон адам менен шайлоо өткөздүк???
Сиздин карамагыңыздагы К.Асановдун зайыбы боюнча иш алып барып , 
адвокаты жок караган жана да азыркы күнгө чейин, себеби шайлонун жыйынтыгы бүтө электе Президенттике талапкер Курсан Асановдун ишенимдүү адамына жана үй бүлөөсүнүн өкулүнө кысым көргөзүп ор абалга жеткиргендигине байланыштуу тергоочүнү жана башчысын четтетирип баа берүүнүздү талап кылам.
Мындай иш Президенттике талапкердин өзүнө түздөн түз кысым көргөзгөнгө жатат!!!
Токтайым Уметалиева, коомдук ишмер, укук коргоочу.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter