У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 2 милиция кызматкери белгисиз бирөөлөрдөн ок жеп, жаракат алышты


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерлерине белигисиз бирөөлөр ок чыгарышты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя тууралуу билдирүү укук коргоо органдарына бүгүн, 13-январга караган түнү, саат 01:10до түшкөн.
Анда Кара-Кулжа райондук милициясынын кызматкери автоунаасында отурганда бейтааныш киши кол салып, айнектин сыртынан ок чыгарган. Инспектордун эки далысынын ортосуна чачма октор тийген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Райондук милициянын тергөөчүсү автоунаадан түшкөндө аны да бирөө далыга аткан. Кызматкер табелдик куралы менен шектүүгө ок чыгарганганда ал из жашырып үлгүргөн. Милиционерлер аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районуна "Перехват "операциясы киргизилип, Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган.
Учурда шектүүлөрдү аныктап кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter