У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Окубай жүргөнүн жашырам деп". 23 жаштагы жигит бүт үй-бүлөсүн өлтүрүп салды


23 жаштагы Канададагы Маркхем шаарынынын тургуну өз үй-бүлөсүн толугу менен өлтүрүп салды.  Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда. 

Анын мындай кадамга баруусуна ата-энесинен жашырган сыры себеп болгон. Жигит Жогорку окуу жайда окуп жатам деп үй-бүлөсүн алдап, күнүгө үйдөн чыгып кетип, бирок компьютердик клубдарда күнүн өткөрүп жүрө берген. Кийин анын эч жерден билим албай эле жүргөнүн жакындары баамдай баштаганда, сыры ачылып калбаш үчүн үй-бүлөсүн толугу менен өлтүрүп салган. 

Түшкө маал үйдө эч ким жокто эс алып жаткан энесин өлтүргөн. Бир сааттан кийин чоң энесин аркы дүйнөгө жөнөткөн. Кечинде иштен келген эжесине, ал эми түн бир оокумда атасына кол салган.Бул мыкаачылыгын кийин интернет-досторуна айтып, бүт үй-бүлөсүн кырып салгандыгын билдирген.

Албетте, алгач беркилер ишенген эмес. Бирок кан болгон бычак жана жерде жаткан өлүктөр менен селфи кылган сүрөтүнөн кийин алар ишенүүгө аргасыз болгон. Оюнчулар бул окуяны Канаданын бийлигине кабарлап, бирок кылмышкердин кайда турарын билишкен эмес.
Полиция анын жашаган жерин аныктап, канга чыланган үйгө эртең менен келгенде Менхаз өлүктөрдүн арасында жүргөн.
Сот төрт адамдын өлүмү үчүн ага эч качан ырайым кылынбасын деген бүтүм менен 40 жылга эркинен ажыраткан.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter