У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алынат



Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. 

"Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган  “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий жөнөтүлдү. 

Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды" дейт билдирүүдө. 

Эскертели, Курал Чокоев өзүнүн ютуб каналы аркылуу «В пизду звезду» деген аталыштагы 18 жаштан жогорку жарандарга арналган долбоор ачып, көрсөтүүнүн жүрүшүндө меймандары менен кыргыздын менталитетине каршы келген уят сөздөрдү сүйлөшкөн, сөгүнүшкөн. Кайрат Примбердиев, Кайрат Кыргыз, Манас Алыкулов анын алгачкы меймандары болуп беришкен. Аталган көрсөтүү коомчулукта кызуу талкууга алынып, кийинчерээк долбоор жабылганын ырчылар маалымдашкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter