У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК Райымбек Матраимовдун өкүл баласын колго түшүрдү


УКМК Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы, Раймыбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду кармады. Бул туурасында аталган кызматтан кабарлашты.

Сайпидиновго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда.

УКМКнын билдиришинче, Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы бир миллион сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле Сайпидинов аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай эксплуатацияга берүүгө макул болгон.Мындан сырткары, Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы туурасында сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат. Бул иш боюнча Сайпидинов күбө катары сурак берүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter