У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кийинки окуу жылынан тартып категория ээси болгон мугалимдерге кошумча төлөмдөр төлөнөт


 Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгарат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.
 
Мугалимдерди аттестациялоонун максаты:
 
Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
Мугалимдердин профессионалдык жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу;
Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу;
Мугалимдерди жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу.
Мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат.
 
2017-жылдын 5-октябрындагы №648 токтомунун негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын категория ээси болгон мугалимдерине кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт:
 
Жогорку категория үчүн – 2000 сом;
Биринчи категория үчүн – 1500 сом;
Экинчи категория үчүн – 1000 сом.
2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter