У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров Президенттик биринчи иш сапарын Казакстанга баруу менен баштайт


Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын лидеринин басма сөз кызматы билдирди.

Касым-Жомарт Токаев добуш берүүнүн жыйынтыктары ал мамлекеттүүлүктү андан ары чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуш кылган программаны жалпы элдик колдоого алгандыгын күбөлөндүрөрүн белгиледи.

Казакстандын президенти боордош Кыргызстан менен эки мамлекеттин элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелериндеги кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү курсуна бекем берилгендигин билдирди.
Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын башчысына жана жалпы казак элине Кыргыз Республикасынын туруктуу жана өнүгүүгө умтулуусунда туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошентип, Жапаров республиканын лидери катары биринчи сапарын Казакстанга жасай тургандыгын белгилеп, чакырууну кабыл алды. Мындан сырткары ал Касым-Жомарт Токаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter