У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коррупцияга шектелип кармалган Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алып, 2,5 миллион сом төлөдү


Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Эске салсак, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Мамлекеттик дирекциясындагы (ЖКДК) коррупция боюнча сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, 2021-жылдын 7-январында, Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кылмышка шектелип кармалган.
 
Мамыркалиев 2021-жылдын 9-январында мамлекетке келтирилген зыяндын 2 миллион 500 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди.
 
Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамыркалиевге карата үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.
 
Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери аяктоо алдында турат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter