У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызганыч бир адамдын өмүрүн кыйды. Ысык-Көлдө күйөөсү аялын муунтуп өлтүрдү…


Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Долон айылында күйөөсү аялын муунтуп өлтүрдү деген билдирүү келип түшкөн.
 
Аталган билдирүү райондук милиция тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмыш болгон жерге келген тергөө-ыкчам тобу билдирүүнү жөнөткөн адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал А. Д аттуу 38 жаштагы жергиликтүү тургун болгон. 
 
Анын айтымында, 9-январда саат 08:00 чамасында анын 45 жаштагы улуу агасы А.А. жана кызганычтын 40 жаштагы аялы А.Г.ны муунтуп өлтүргөндүгүн ага телефон аркылуу айткан.  Алар айылдын четинде сарайда турушкан. 
 
А. Д агасынын үйүнө келип, уктоочу бөлмөдөн жеӊесинин муздап калган денесин жана дары-дармектерди ичип өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан агасын көргөн да, окуя тууралуу милицияга билдирген.  
 
 
Жубайлар былтыр ноябрда урушуп кетип өзүнчө жашап жүрүшкөн. Алар 6-январда жашарашып чогу жашай башташкан. 9-январда кызганычтын айынан чыккан кезектеги уруштан кийин күйөөсү аялын муунтуп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган.
 
Учурда адам өлтүрүүгө шектүү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Айыккандан кийин кылмыштын себептерин аныктоо максатында сурактар жүргүзүлөт.
 
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иш-чаралары жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter