У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Ала-Тоо аянтында элдик жеңиш белгиленет". Жапаровдун атынан аянтка чакырган билдирүү тарады


Кечээ, 10-январда өлкөдө Президенттик шайлоо болуп өтүп, ага 17 талапкер катышып, алдын ала жыйынтык боюнча 80% добуш менен Садыр Жапаровдун алдыга озуп чыкканы айтылган.

Бүгүн, 11-январда социалдык тармактарда жана WhatsApp тиркемелери аркылуу элди Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына чакырган кат тарады. Анда бүгүн, 11-январда 14:00дөн 16:00гө чейин аянтта элдик жеңиш майрамдалаары, болочок ажо элге кайрылуу жасаары айтылган. 

"Урматтуу Элим! Бүгүн саат 14:00-16:00гө чейин Ала-Тоо аянтында "Элдик жеңишти" белгилеп, Садыр Нуркожоевич кыргыз элине кайрылуу жасайт. Келип катышыңыздар
" деп, С.О. Отунчиевдин колу коюлган. 

Эске салсак, таң эртеден эле аянтка белгисиз адамдар тамак-аш, аппаратураларды алып келип, аз-аздан адамдар чогулуп жатканы маалым болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter