У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чокоев, Примбердиев сыйлыктарынан кол жууйт. Министр ырчыларга кандай чара көрдү?


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Курал Чокоевдин адепсиз программасы тууралуу өз оюн билдирип, ага жана чакырган меймандарына кандай чараларды көргөнүн жазып чыкты. Ошондой эле адепсиз ырчылардын жоругу үчүн элден кечирим сурады.

Урматуу мекендештерим, 
Тигил эки жигиттин маегинин айрым үзүндүлөрүн аргасыз көрдүм. Кептерин айла жоктон уктум. Көзүм жана кулагым үчүн Жараткандан, “маданият кызматкери” деген атты жамынып, адамга жарашпас жорук-жосун көрсөткөн ырчы мырзалар үчүн элимден кечирим сурайм. Булар неге мынчалыкка барганына такыр түшүнө албай турам? “Атың чыкпаса жер өрттө” дейин десем, экөө тең өнөрү менен канчалаган адамдардын сый-урматын таап, узун элдин учуна таанылып калышкан. 
Эгерде булар бизге караштуу мекемелерде , айталык, филармонияда, театрларда же окуу жайларда иштегенде заматта коштошмокпуз. Сөзүбүз кыска, чарабыз катаал болмок. Бирок, өз алдынча ырдап жүргөн эркин ырчыларга тикелей чара көрүү рычагы, тилекке каршы, мыйзамдарда жок. Деген менен, андайларды адепке чакыруунун жолун, аргасын, буюрса, табабыз. 
Кыскасы мындай:
1.    Министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилди. Бизге карабаган коомдук жана эркин телеканалдарга да ушундай сунуш жиберебиз, буюрса. 
2.    Театралдык-оюн зоок мекемелерине да бул ырчылардын концерттерине тыюу салуу көрсөтмөлөрү даярдалып жатат. 
3.    Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Мамлекет башчысына мындай даражалуу наамдан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да карап жатабыз. Эгер айыбын тан алып, калкыбыздан кечирим сураса анда кеп башка. 
4.    Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгарабыз.
Азырынча, көрөр чараларыбыз ушулар. Анан да, ырчылык менен алек болом дегендерге лицензия алууну милдеттендирген мыйзамдын же токтомдун долбоорун даярдабасак болбойт окшойт. Антпесек, микрофон кармап, ырчы-чоорчу катары таанылгандын ар биринин тентектиги үчүн министрликти айыптоо адат болуп барат. Бирок, эки жигит айыбын танбай, камчысын мойнуна салып, эли-журтубуздан кечирим сурайт деп ишенем. Айкөл элибиз кечирет. Эгер ушунча адамдын пикир-оюн капарга илбей, өзүм билем, ит үрө берет дегендей текеберденсе калктын назарынан калат.
Сураныч, булар минтиптир деп видеонун шилтемесин тарката бербесеңиздер. Жакшы ой менен жаманды жайылтууга себеп болбойлу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter