У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Акча берсең митинг уюштурбайбыз". Атка минерден 250 миң доллар талап кылган 2 активист камакка алынды


"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелген 2 активист камакка алынганын бүгүн, 9-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январда КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан "Кыргыз Темир Жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу Кыргыз жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң доллар өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.
Анын жыйынтыгында аталган ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушкан.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter