У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК эрежени бузган талапкерлерге, КТРКга жалпысынан 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды


Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттик шайлоонун алдында үгүт эрежелерин бузуу фактысы боюнча талапкерлерге жана КТРКнын директоруна жалпы суммасы 55 миң сомдук айып салынды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Эреже бузгандар:
  • Садыр Жапаров — эл менен жолугушуу учурунда театралдаштырылган көрсөтмө уюштурганы үчүн талапкердин Каракол шаары боюнча штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге 7500 сом;
  • Адахан Мадумаров — үгүт иштерине жашы жете элек балдарды катыштырганы үчүн талапкердин Баткен райондук штабынын жетекчисине 7500 сом;
  • КТРК — шайлоо процессинин катышуучуларына маалыматты бирдей жеткирүүдө эреже бузганы үчүн, тагыраак айтканда, теледебаттын 1-турунун 30-декабрдагы видеосунун YouTube каналынан өчүрүлүшү боюнча телеканалдын директору Бактияр Алиевге 5500 сом;
  • Имамидин Ташов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн талапкерге 7500 сом;
  • Бактыбек Калмаматов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн талапкерге 7500 сом;
  • Өзгөн районунда "Кароол айылынын элдик коому" коомдук фондунун жетекчисине талапкердин штабы менен макулдашпай туруп үгүт материалдарын чыгарганы үчүн 7500 сом;
  • Алай районунда үгүт материалына кайдан чыгарылганы туурасында маалыматты жазбай таратканы үчүн М.Т. Исраиловго 12 500 сом.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter