У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдил Сегизбаев: «Чек арага жакын жайгашкан жарандар үйлөрүн таштап, чыгып кетпеши үчүн аларга бардык жагымдуу шарттарды түзүшүбүз кажет»


Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев бүгүн, 8-январда Каракол шаарында болуп, Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
 
Жолугушууда Абдил Сегизбаев, Кыргызстанга азыр тынчтык жана стабилдүүлүк керек деди. “Саясатчылар өз дарегине айтылган сын-пикирлерди кабыл алганды үйрөнүп, кыйыр жолдон алыс болуулары керек. Алдыдагы Президенттик шайлоо тынч, таза жана айкын өтүшү керек” , -деп билдирди.  “Тилекке каршы, октябрь айында өткөн парламенттик шайлоолор одоно бузуулар жана добуштарды сатып алуулар менен коштолуп, аягы кыргызстандыктар арасында нааразычылыктарды жаратып, төңкөрүш менен аяктады. Аянтка чыккан эл бийликти же акчаны талап кылган жок. Эл шайлоолордун таза өтүшүн талап кылган. Президенттик шайлоодо өткөн каталар кайрадан кайталанбашы керек. Өлкө башчыны инсандык жана моралдык сапаттарына карап, тандашыбыз керек. Шайлана  турган мамлекет башчысы  билимдүү жана эң негизгиси элдин кызыкчылыгын көздөгөн, элди бага турган президент болушу керек”,- деди  Абдил Сегизбаев. “Андыктан шайлоолор бузууларсыз жана административдик ресурстарды колдонбостон айкын өтөт деп үмүт кылам”- деп билдирди ал.  

Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер шайлоочуларды өзүнүн платформасы менен тааныштырып жатып, ал программасындагы негизги багыттары тууралуу маалымат берди. “Эң ириде биз өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана элге коопсуз турмушту камсыздашыбыз керек. Андыктан кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөшүү  биринчи орунда турушу керек”- деди Абдил Сегизбаев. 
Мындан тышкары ал мамлекеттик башкаруу, атап айтканда мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана бюрократияны азайтуу тууралуу  айтып, «Биз кесипкөй адистерди кызматка тартып, алардын айлыктарын жогорулатышыбыз керек. Ал эми кыскартууга кеткендерди башка кызматтар менен камсыздашыбыз керек», - деди ал. 

Ошондой эле ал билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы көйгөйлөр туурасында сүйлөп жатып, биз мугалимдерге, медиктерге, маданият жана илимий кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек, алардын турак жай көйгөйлөрүн чечишибиз кажет деди. 

Талапкер Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине өзгөчө көңүл бурду. “Бардыгыбыз күбө болгондой, карантин маалында  үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, балдарга жана аялдарга карата зомбулук учурлары көп катталды. Биз буга жол бербешибиз керек, аялзатына жана балдарга биз өзгөчө аярлуу мамиле жасашыбыз керек”,- деди ал. 

Жолугушууда Абдил Сегизбаев өзүнүн платформасы тууралуу билдирип жатып, ал соттук реформа, тышкы саясат, мамлекеттик карыздардан кутулуу жолдорун, тарак жай жана жер реформасы, ошондой эле чек ара маселелери тууралуу өзүнүн алдыдагы пландарын билдирди. Анын айтымында ал чек арага жайгашкан аймактарга өзгөчө көңүл бурулушу шарт. «Ал үчүн биз чек арага жакын жайгашкан жарандарды үйлөрүн таштап, чыгып кетпеши үчүн аларга бардык  жагымдуу шарттарды түзүшүбүз кажет », - деди талапкер. 

Абдил Сегизбаев сөзүн жыйынтыктап жатып, “Сиздер менин тирегимсиңер, мен силерден күч, дем алам. Биз биргеликте гана   гүлдөгөн, өнүккөн жана адилеттүү Кыргызстанды курабыз», - деди. 

Жолугушуу суроо-жооптор жана жакшы каалоо тилектер менен уланды. Балыкчы шаарынын тургуну Сайракан Мукамбетова сөз сүйлөп жатып, Абдил Сегизбаевге колдоо көрсөтөрүн билдирип, ага ийгилик каалады. Абдил Сегизбаев талапкерлердин арасынан элге жакыны жана ал элдин көйгөйлөрүн чечүүгө күчү да, билими да жетиштүү деди. “Биз тарыхыбызда беш президентти көрдүк, Президенттер алмашканы менен элдин жашоосу өзгөргөн жок, турмушубуз тескеринче оорлошту. Ооба, элибиз кайраттуу жана чыдамдуу, буга чейинки бийлик, депутаттар ар бир шайлоодо акча менен элди алдап келишти. Биз эми тарыхты кайрадан кайталабашыбыз керек. Мен чын дилимден Абдил Сегизбаевди колдойм. Талапкерлер көп, алардын амбициялары да ченемсиз, элибиз жакыр болгону менен президент болууну каалагандар көп экен. Андыктан мен элиме жаңылбастан акыл калчап, ар бир талапкер тууралуу маалымат топтоп, алардын платформаларын окуп, ал же бул талапкер өлкөгө, элибизге эмне кыла алат деп талдап чыгууңарды суранам. Мен өнүккөн өлкөдө - карыларды сыйлаган, татыктуу пенсия менен камсыздаган, улууга урмат, кичүүгө ызат көргөзгөн мамлекетте жашагым келет. Ошол эле учурда, мен балдарымдын жакшы турмушун каалайм. Ошол себептен Абдил Сегизбаевди колдоп берели”, - деди Сайракан Мукамбетова. 

Жыйындын соңуда жергиликтүү тургундар Абдил Сегизбаевге 10-январда өтө турган Президенттик шайлоодо жеңиш жана ийгилик каалашты.

Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер А.К. Сегизбаевдин шайлоо фондунун эсебинен талапкердин каржы маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич аркылуу төлөндү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter