У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Атамдан сүрдөп жатам". Анжелика бүгүн болочок жолдошун ата-энесине тааныштырат


Ырчы Анжелика жакында эле сүйүктүүсү колун сураганын жар салган. Бүгүн, 8-январда  болочок жолдошу ата-энеси менен тааныша тургандыгын айтты. Ал турмуш кураар алдындагы сезимдери, толкундоолору менен бөлүштү. 

"Бүгүн “Адилет” телесериалыбыздын акыркы серияларына тартылып, эң маанилүү үй-булөлүк кечки жолугушуу кечесине барабыз. Атамдан сүрдөнүп жатам. Кантсе дагы, мен алардын кичинекей кызымын. Аябай толкунданып жүрөм бир жумадан бери. Ииии, эмне болот? Турмушка чыккандан кийин мага чектөөлөр коюлса кыйналам го, анан урушуп кетсекчи деп артка берип баштадым.  Мен акыркы төрт жылда кенен жүрүп, баарын жалгыз чечип көнүп калгам. Күйөөгө такыр тийбейм, баары жакшы - десем, бойдокторго тийишүүлөр, жаман сөздөр жармаша берет экен. Анын үстүнө белгилүү анан бир аз сулуураак болсоң. Аял-киши эркеке баш ийип жашаш керек деген туура. Бирок, чеги менен , кол кармашып , ынтымакташып, сыйлашып. Экинчи жашоомдогу тандоом туура болот деген үмүттөмүн. Ажырашуу аябай жаман нерсе . Үч кызын менен ого бетер эч жака батпайсың. Алар төрөлгөндөн азыркыга чейин өзүм карап жатсам, келечегине дагы жалгыз өзүм эле кам көрөм буйруса. Кудайдан башка эч кимге финансылык жактан көз каранды болгум келбейт. Бирок, моралдык жактан кыйынчылык башка түшкөндө эле, кудай бир нече жолу болочок жолдошум экөөбүздү кокустан табыштырып, бири-бирибизге кам көрүүгө жол түзүп берди. Демек, бул тагдыр" деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter