У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эми коронавирусту 10 секундда аныктоого мүмкүн…


Түркиянын окумуштуулары коронавирусту 10 секундда аныктай турган аппаратты ойлоп табышты. Бул тууралуу Билькент университетинин порталында маалымдалды.
 
Diagnovir деп аталган аппарат шилекей үлгүлөрүнөн коронавирус бар экендигин аныктай алат. Адамдан алынган үлгү атайын эритме менен аралаштырылат, андан кийин оору козгогучтарды табуу үчүн чипке салынат. Патогендин катышуусунда оптикалык система жаркыроонун түсүн өзгөртөт. Бүт анализ процесси 10 секунддан ашпайт.
 
Окумуштуулардын айтымында, аппарат 99 пайыздык тактыкка ээ. Ал жети айда иштелип чыккан жана келечекте коронавирусту гана эмес, башка вирустарды дагы аныктай алат. 
 
Учурда аппарат сертификатталып, аккредитациядан өтүп жатканы белгилүү болду. Бул келечекте аны ички жана эл аралык базарларда сатууга мүмкүнчүлүк берет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter