У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды


 
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кылмыш ишине фигурант катары суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Мекеменин билдиргенине караганда, УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүлөрдүн алкагында Өмүрбек Бабанов фигурант катары өтүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштардын фактылык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттеринин комплекси жүргүзүлөт. Буга байланыштуу, тергөө органдары жаран Өмүрбек Бабановго анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн келүүгө чакыруу кагазын тапшырган.
 
Белгиленген кылмыш иштерин УКМК тарабынан иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалым болуп турат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter