У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ: Конгресстеги баш аламандыкта төрт адам каза болду

 
АКШ Конгрессинин алдындагы нааразычылык акцияларында төрт адам каза болду. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
 
АКШ президенти Дональд Трамптын президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм деген билдирүүсүнөн кийин  анын тарапкерлери Вашингтондо массалык митингдерди баштап, Конгресстин имаратын бузуп киришкен. 
 
Вашингтондун мэри Муриэл Боузер кырдаалдын курчушуна байланыштуу шаршемби күнү коменданттык саатка буйрук берди. Шайлоонун жыйынтыгын бекитүү боюнча дебаттар үзгүлтүккө учурады. Капитолий  укук коргоо органдары тарабынан кайтарууга алынды.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter