У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балам багып алганымды билчү эмес. Үйлөнөөрү менен келинчеги айтып салыптыр...


2 кыздан кийин уул күтүп такыр балалуу боло албай койдук. Кыздар бойго жетип калган кезде жолдошум каза болуп калды. Кыз бала үйдүн коногу дешет го, алар турмуш куруп кетсе кантип жалгыз калам деп кайындарым менен кеңешип, уул багып алдым. Ал жашообузга пайда болгону үйгө береке кирип, ишибиз оңолуп, турмушубуз жакшырды. Кыздарымды турмушка узаттым. Уулумду жалгыз жетелеп жүрүп чоңойттум, окуттум, бойго жеткирдим.

Уулумду багып алганымды ошол күнү эле унуткам, ал чоңойгон сайын көздөрү бакырайып кудум эле мага окшош болуп чыга келди. Бала тапкандыкы эмес, баккандыгы деген чын окшойт, балам баладан башкача жароокер, күйүмдүү болуп өстү. Быйыл акыркы курсун бүтүрөөр алдында баш кошом деп өзү сүйүнчүлөдү. Тууган-урукту чакырып, карантин маалында өтө чоң эмес эле той бердик. 

Тилекке каршы уулум жакшы болгону менен келиним тилдүү, өтө тың болуп чыкты. Келген күнү эле тайманбай элдин баары менен тил табышып кетти. Үйлөнгөнүнө жарым жыл боло электе кыялын көрсөтүп, үнүн өктөм чыгарып, кааласа уктап жатып алып, кааласа тамак жасабай коюп, айтор бир топ өнөрүн көрсөттү. Анысына го мейли, эң жаман нерсеси уулумдун бакма экенин айтып койгону болду. "Асыранды баланы айылчы катын чыгарат" болуп, оозу ачык бирөө күйөөңдү багып алган деп койгон окшойт, тиги келин мага бир ооз айтпай туруп балама барып айтып салыптыр.

Баягы жаркылдаган балам бир заматта өзгөрүп, мага орой мамиле жасап, мени менен сүйлөшпөй калды. Алгач уккада ызасы менен келип: "Апа, мен эмнеге ушунча жыл билбей келип анан келинчегимден билишим керек? Эгер сиз мени жакшы көрсөңүз үйлөнгүчө баарын түшүндүрөт элеңиз го, мен аялымдын, кайындарымдын алдында уят болдум" деп бурк этти да менин жообумду укпай сыртка чыгып кетти. Ошо менен уулум менен сүйлөшө элегиме 1 айдын жүзү болуп калды. Ишине кетет, чогуу да чай ичишпейт, өз бөлмөсүндө чай ичет, өздөрүнчө жашап жүрүшөт. Кыздарыма окуяны айта элекмин...Канткенде балама баарын түшүндүрөм?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter