У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Конгресс Байденди президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп тастыктады

 
АКШ Конгресси президенттик шайлоонун жыйынтыгын жактырды. Эки палатанын тең мүчөлөрү декабрь айынын аягында Демократиялык партиянын талапкери Жо Байденди жеңүүчү деп жарыялаган шайлоочулар коллегиясынын позициясы менен макул болушту.
 
Шайлоонун жыйынтыгын тастыктоо - АКШдагы шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун акыркы этабы. 
 
Байден шайлоочулар коллегиясынын 306, ал эми Трамп 232 добушуна ээ болду.
 
Эми 20-январда 78 жаштагы Жо Байдендин инаугурациясы өтүп, президенттикке расмий киришет.
 
3-ноябрдагы добуш берүүдөн бери Трамп бир нече штатта добуштарды саноодо көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгендигин бир нече жолу билдирди. Анын жактоочулары 60ка жакын сотко кайрылышкан, бирок алардын бири дагы жыйынтыктарды кайра кароого алып келген жок.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter