У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кармалды


Эл арасында эң бай айыл өкмөтү катары таанылган Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январь күнү УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кармаган.

"Шектүү айыл башчы Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкташтырылган орто мектептин курулушу учурунда аткарылган жумуштардын көлөмүн жалпысынан 24 миллион сомдон ашык көрсөткөн. Ошондой эле ал башка жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз бүтүрүлгөн мектепти пайдаланууга беришкен деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылдын 18-ноябрында УКМК Кара-Суу районунун Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган. Мындан улам ал Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасаган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter