У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тийбесем өлөм деп...16 жаштагы кызга үйлөнгөн жигит, нике кыйган молдо жоопко тартылышты


Талас шаардык соту жашы жете элек кызга үйлөнгөн жигитке жана алардын никесин кыйган молдого карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыз менен жигит 2 жылдан бери сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Турмуш курууга жашың жете элек деп каршы болгон эне-атасына кыз таарынып, өлөм деп коркуткан. Жигит 28 жашта, кыз 16 жашта болгон. Эки жаштын суранычы менен алардын никесин айылдагы молдо кыйып берген. 

Аталган окуя боюнча соттук териштирүү башталып, кыздын апасы Б.М. 2019-жылдын жаз айларында болочок күйөө баласы менен таанышканы маалым болду. 2020-жылдын 4-январында баланын ата-энеси келип, кызынын колунун сураганда жаш деп каршы чыгышкан. Бирок кызы «Жигитимди жакшы көрөм. Ага турмушка чыкпасам өлөм» деген. 2020-жылдын 5-январында кайын энеси ооруп, жолдошу менен айылга кетишкен. Ошол учурда кызын алып кетишкен. 2020-жылдын октябрында Талас шаарындагы ооруканада уул төрөгөн. Учурда күйөөсү менен бактылуу жашап жатканын билдирди.

Сот эки жаштын бактылуу жашап жатканына карабай алардын никесин кыйган молдону Жазык кодексинин 178-беренеси (диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча айыптуу деп табып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыраткан.  "Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 1 жылдык мөөнөткө көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу ал жазасын өтөөдөн бошотулсун. Ал 1 жыл ичинде пробация органынын уруксатысыз өлкө аймагынан сыртка чыкпай, жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө кабар берип турууга милдетүү деген" өкүм чыгарды. 


Ал эми кыздын жолдошуна "Жазык кодексинин 178-беренеси (диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча айыптуу деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылсын. Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 1 жылдык мөөнөткө көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу ал жазасын өтөөдөн бошотулсун. Ал 1 жыл ичинде пробация органынын уруксатысыз өлкө аймагынан сыртка чыкпай, жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө кабар берип турууга милдетүү" деген өкүм чыгарды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter