У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке канча акча түштү? Министрликтин жообу?..


Финансы министрлигинде тышкы карызды төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 1 млн. 29 миң сом акча түштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, калктан жана коомдук уюмдардан ("Аялдар Кенеши" республикалык коомдук бирикмеси ж.б.) Кыргыз Республикасынын тышкы карызын төлөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү жөнүндө келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, 2020-жылдын ноябрь айында казыналык тутумунда тышкы карызды төлөөгө каражаттарды чегерүү үчүн депозиттик эсеп ачылган.
 
Бүгүнкү күндө ал эсеп иштеп жатат. 2021-жылдын 1-январына карата тышкы карызды төлөө үчүн эсепке 1029,1 миң сом которулган, анын ичинде:
 
- физикалык жактан - 1022,1 миң сом
 
- юридикалык жактан - 27,0 миң сом
 
2020-жылдын 31-декабрында Адылбек Асанов атту жараныбыз жогорудагы эсепке 1000000 сом которгон. 
 
2021-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 180 млн. долларды түзүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter